Өкмөттүн катаң үнөм чараларына нааразалык билдирген жүрүштөргө он эки миңден ашуун адам катышты. Өкмөттүн премьер-министри Георгис Папандреу жумушчу орундарды кыскартуу жана салыктарды жогорулатуу азыркы кризистин шартында зарыл кадам болуп жатканын жарыялаган эле. Өкмөт кабыл алган чаралар Грециянын эл аралык өнөктөштөрү койгон талаптарга ылайык жасалды. Ушу тапта Евросоюз, Эл аралык валюта фондусу менен грек өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөрдө Афинага 45 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүүнун жолдору талкууланып жатат. Өкмөт муну менен кескин өсүп кеткен бюджет тартыштыгын жойгонго үмүт кылууда. Сүйлөшүүлөр ушул патанын этегинде аякташы мүмкүн.