Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Максим Бакиев Транзиттик борборго күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөн


Кыргызстандын транспорт прокуратурасы Максим Бакиевдин компаниялары Бишкектеги "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик борборуна реактивдүү күйүүчү майды коррупциялык жол менен алып келип жүрүшкөнүн билдирүүдө. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таркаткан маалыматка караганда, Бишкектеги "Түндүк" жана "Манас" бажыканалары аркылуу 2005-жылдан бери акциз салыгы төлөнбөгөн 1 807,2 миң тонна реактивдүү күйүүчү май алынып өткөндүгү иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталды. Транзиттик борборго реактивдүү майды Лондон менен Гибралтарда катталган «Red Star Enterprises Limited» жана "Mina Corp Limited" компаниялары жиберип турган. Бул компанияларга реактивдүү күйүүчү майды «Манас Фьюэл Сервисез» ЖЧК, «Кыргыз Авиаэйшн» ЖЧК, «Сентрал Эйша Фьюэл» ЖЧК, «Авиейшн Фьюэл Сервис» ЖЧК, «Эйр Крафт Петрол Лимитет» ЖЧК жана «Централ Эйша Трейд групп» сыяктуу ишканалар Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунан сатып алып жиберип келишкен. Аталган компаниялардын баардыгы Максим Бакиевге таандык ишканалар болгон. Транспорт прокуратурасы учурда Транзиттик борборго күйүүчү май ташып келүүдө коррупция фактылары орун алган деген шек менен кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүүдө.

2004-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча реактивдүү күйүүчү май алып келүүгө бир тонна үчүн 2000 сом акциз салыгы киргизилген. Бирок экс-президент К. Бакиев 2005-жылы Жогорку Кеңеште башка мыйзам кабыл алдырып, күйүүчү май үчүн акциз салыгынын өлчөмүн нөлгө түшүрүп салган.

XS
SM
MD
LG