Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Голливуд жылдыздары ирандык шеригин колдоодо


Голливуддун таанымал кино жылдыздары Иран бийлигине кайрылып, абакта жаткан режиссер Жафар Панахи мырзаны тез арада бошотууну талап кылышты. Кайрылууга кол койгондордун арасында режиссерлор Стивен Спилберг, Мартин Скорсезе, киноактер Роберт де Ниро жана башкалар бар. Өзүнүн социалдык турмушту курч чагылдырган тасмалары аркылуу эл аралык коомчулукка дурус таанымал режиссер Панахи өкмөткө каршы маанайдагы фильм жаратканы үчүн март айында камакка алынганын Ирандын маданият министрлиги тастыктаган болчу.

XS
SM
MD
LG