Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

С. Жээнбеков: Ошто улут аралык жаңжал тутандырууга аракеттер болууда


Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу, аймактык координациялык кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков 1-май күнү Ош шаарында болгон окуялар кылмыштуу топтордун чыр-чатагы экенин белгилеп, кыргыздар менен өзбектердин ортосунда андай тирешүү, кармашуу жок экенин билдирди. Облус жетекчиси ошол эле учурда бийликтен кеткен күчтөр акча таркатып, улут аралык жаңжалды тутандырууга аракет кылып жатканын, аларга каршы чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

“Ошто тополоң чыгарып, сырттан бизге жардам демиш болуп башка күчтөрдү киргизүүнү каалаган, кайра бийликке келем деген бийлигинен, байлыгынан ажыраган адамдар тынчыбай жатышат. Алардын куйругу үзүлө элек, укук коргоо органдарында жашырынып жүргөндөр, качып келгендер бар",-деди С. Жээнбеков.

1-май күнү кечинде Ошто бир кафеде кыргыз жана өзбек улутундагы жаштар мушташкан окуя катталды. Ошондой эле темир жол бекетинде өзбек улутундагы ишкерлер менен кыргыздардын ортосунда чыр-чатак чыкты.

XS
SM
MD
LG