Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Оштун мэри эл менен шаардагы кырдаалды талкуулайт


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзахматов кечээ кечинде жергиликтүү телеканалдарда түз ободо кайрылуу жасап, шаардагы соңку окуялар тууралуу маалымат берди. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн бүгүн таң эртеден тарта кичи райондордун баарын кыдыра турганын айтты. Мындан мурдарак Ош шаарынын губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков аймакта улут аралык жаңжал тутандырууга аракеттер болуп жатканын билдирген. Буга мурдагы бийликтин тиешеси бар деп айыптаган. 1-май күнү шаарда кафелердин биринде кыргыз-өзбек жаштары мушташкан окуя катталды. Андан мурдарак темир жол бекетинде өзбек улутундагы ишкерлер менен кыргыз улутундагы эки жигиттин ортосунда чыр чыгып басылды. Азыр жергиликтүү милиция жаңжал чыгаргандарды кармап суракка алып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG