Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Индияда Мумбайдагы терракт боюнча сот өкүмү жарыяланары күтүлүүдө


2008-жылдын октябрь айында Индиянын ишкер борбору - Мумбай шаарына куралдуу согушкерлер жасаган чабуулдан 186 адам өлүп, 300дөн ашуун киши жаракат алган. Эгер сот тарабынан күнөөлүү табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болгон Мухаммад Ажмал Хасаб ошондо кол салган он согушкердин аман калган жалгызы. Калгандары коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынган. Индия бийликтери кол салуу үчүн Пакистанда жайгашкан Лашкар –е – Тайба тобун айыптаган. Башкы айыпкерден тышкары бул иш боюнча Индиянын согушкерлерге жардам берген деп шектелген эки жараны да соттолууда. Сот өкүмү бүгүн жарыяланган жатат.

XS
SM
MD
LG