Жыл сайын өтүүчү форумдун бүгүнкү алгачкы иш күнүндө Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад чыгып сүйлөйт. Ахмадинежад - быйылкы жыйынга катышып жаткан жалгыз мамлекет башчы АКШга аттанар алдында ал Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча мындан 40 жыл мурда түзүлгөн келишим өзүн-өзү актабагандыгын, Иран тарап жаңы сунуштарды иштеп чыккандыгын билдирди. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ахмадинежаддын конференцияга катышуусун коомчулук көңүлүн Ирандын эл аралык милдеттемелерин бузуусунан алагды кылуу аракети катары баалады. Батыш өлкөлөрү өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деп санаган Иран уран байытууну токтотпогону үчүн азыр БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларынын төртүнчү айлампасына кабылуу коркунучу алдында турат.
Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине Индия, Пакистан, Израиль, Түндүк Кореядан башка мамлекеттердин баары кирет. Алар өзөктүк куралга келишим күчүнө кирген 1970 –жылдан кийин ээ болушу мүмкүн деп эсептелинип жүрөт.