Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Европа өлкөлөрү, ЭФК Грекияны куткаруу планын расмий бекитет


Алар карызга баткан Грекиянын экономикасын куткаруу боюнча 110 миллиард еврого эсептелген планды ушул апта ичи бекитери күтүлүүдө. Планды расмий түрдө ишке киргизүү үчүн евроаймактын өлкөлөрү 7-майда саммитке чогулган жатат. Ал эми Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс Кандын айтымында, уюмдун Директорлор кеңеши да маселени ушул аптада карамакчы. Евроаймактын өлкөлөрү менен Эл аралык валюта кору тиешелүү макулдашууга кечээ жетишти. 110 миллиарддын 80нин евроаймактын 15 өлкөсү, калганын Эл аралык валюта кору үч жыл ичинде насыя түрүндө берет. Мунун ордуна Грекия мамлекеттик чыгымдарды кыскартып, салыктардын өлчөмүн көбөйтөт. Афина насыянын алгачкы траншын 19-майга чейин алары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG