Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Мунай агымы АКШ буга чейин баштан кечирбеген экологиялык алаамат болушу мүмкүн


Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама билдирди. Ал кечээ “Бритиш Петролиум” компаниясынын Мексика булуңундагы мунай бургулоочу платформасында орун алган авариянын кесепеттери менен жеринде таанышуу үчүн Луизиана штатында болду. Кырсыктан мына ушул штат эң көп жабыр тартары күтүлүүдө. Обаманын айтымында, жер алдынан деңиз суусуна кошулуп жаткан кара майдын агымын токтотуу үчүн дагы бир нече күн талап кылынат. АКШ президенти кырсык үчүн жоопкерчилик “Бритиш Петролиум” компаниясынын мойнунда экендигин, тазалоо иштери үчүн кеткен баардык чыгымды ушул компания көтөрөрүн кайрадан белгиледи:

-Бул үчүн “Бритиш Петролиум” жоопкер жана баардык чыгымды төлөп берүүсү керек. Бирок АКШ президенти катары авариянын кесепеттерин жоюу үчүн мен баардык аракетти көрөм. Чоң зыян тийбеши үчүн биз каражатты аябайбыз. Азыр бургулоочу платформадагы авариянын себептери иликтенип жатат. Биздин иш мунай агымын токтотуу боюнча аракеттерди координациялоого жана муну менен булуң үчүн (Мексика булуңу) кыйла олуттуу зыянды алдын алууга бурулат.

XS
SM
MD
LG