Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Р.Дырылдаев Кыргызстандыктарга жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жолдоду


Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев кайрылуусунда К.Бакиевдин бийлиги Ак үйдү курал менен коргойбуз деген убадасын 6-7-апрель күндөрү иш жүзүнө ашыргандыгын, атайын кызмат тынч жыйынга чогулгандарга чагым уюштуруп, курал-жарактарды таштагандыгы азыр ачыкка чыгып жатканын белгилеген. Ошондой эле апрелдеги окуя түздөн түз оппозициянын эмгеги эместиги, буга Бакиевдин өкмөтүнүн отун-сууга тарифтерди жогорулатканы себеп болгондугу айтылат.

Рамазан Дырылдаев Кыргызстан учурда оор кырдаалда тургандыгына карабай коңшу мамлекеттер чек араларын жаап экономикалык блокадага туш болгонун, коңшу мамлекеттердеги тоталитардык режимдин лидерлери кыргыз ыңкылабынын экспорттолушунан чочулап жаткандыгы, Кыргызстанда демократияны коргоо боюнча ЕККУга төрагалык кылуучу тарап өз милдетин аткарбай, тескерисинче, чек араны жаап салганы белгиленген.

Убактылуу өкмөттүн ишине баа берген укук коргоочу Курманбек Бакиевдин жакын туугандары жана анын жанында жүргөндөр кармалбаганы коомдо туруксуздукту жаратаары, ыңкылаптын каршылаштары 17-майда ири акция өткөрөрү тууралуу маалымат тарап жаткандыгы, эксперттердин баамында Конституциянын жаңы редакциясы Акаев-Бакиевдин Баш мыйзамынын эле өзгөртүлгөн бир бөлүгү болуп калгандыгын билдирген.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев болсо Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда кыйла өзгөртүүлөр болгонун, Кыргызстанда нукура демократиялык башкаруу системасын түзүүгө шарт түзүлөрүн айтып келет. (AJ)

XS
SM
MD
LG