Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери пикетке чыкты


Бүгүн аталган башкармалыктын 200 чукул кызматкери Бишкектин эски аянтына чогулушуп, Убактылуу өкмөттөн Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилигин алмаштыруу талабын коюп, жаза өтөө жайларында түзүлгөн оор абалга тынчсыздануусун билдиришти. Бул тууралуу демилгелүү топтон “Азаттыкка” кабарлашты. Учурда алардын төрт өкүлүн Убактылуу өкмөттүн аппаратынын Коргонуу, коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмдүн башчысы Бусурманкул Табалдиев кабыл алуусуна чакырып кеткендиги кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG