“Жарык Кыргызстан” партиясы Убактылуу өкмөткө кайрылып Манас аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун мөөнөтүн узартпоону талап кылышарын бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Аталган партиянын лидери Расул Умбеталиев Кыргызстанга Транзиттик борбордун пайдасынан, зыяны көп болгонун белгилеп, эгерде аталган борборду өлкөдө калтыруу мөөнөтү узартылса кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизет деп эсептейт.
“Жарык Кыргызстан” партиясы Манас абамайданындагы Транзиттик борборду калтыруу же калтырбоо маселесин 27-июндагы жалпы элдик референдумга алып чыгуу зарылдыгын билдирди. Расул Умбеталиевдин айтымында, "Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борбору боюнча келишим ушул жылдын июль айында аяктайт. (AJ)