Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

“Ак шумкар” партиясынын “Ак шумкар Кутка” байланышы жок


Мындай билдирүүнү тараткан “Ак шумкар” саясий партиясынын маалыматына караганда “Ак шумкар Кут” коому тарабынан берилген маалыматтарды айрым массалык маалымат каражаттары “Ак шумкар” партиясы менен алмаштырып алышкан.

“Чындыгында “Ак шумкар Кут” коому менен “Ак шумкар” партиясынын эч кандай байланышы жок. Ошондуктан ММКга жарыяланып кеткен маалыматтарды аталган партиянын жетекчилиги четке кагат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле “Ак шумкар” партиясы улуттар аралык басынтууга жол бербестигин, Маевка айылында жабыр тарткан 17 үй-бүлөгө жардам беришкенин, Сокулук районунан апрель ыңкылабында курман болгон балдарга эстелик тургузууну колго алганын, 7-апрелде Ала-Тоо аянтында октон жаракат алып ооруканага жаткан адамдарга 100 миң сом акчалай жардам беришкенин белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG