Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Кыргызстанда коомдук сыналгы уюштурууга АКШ өкмөтү тилектеш


3-Май Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүндө АКШнын элчилиги Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүдө эркин маалымат каражаттарынын зор маанисин баса белгилеп билдирүү таратты. Билдирүүдө Кыргызстан алдыдагы апталарда жана айларда Конституциянын долбоорун талкуулап, жаңы шайлоого даярдык көрөрү, ошондуктан мындай учурда Убактылуу өкмөт менен жарандык коомдун жана шайлоочулардын ортосунда диалогду уюштурууда эркин маалымат каражаттары маанилүү милдет аткарары айтылат. Ошондой эле Кыргызстанда Улуттук телерадиокорпорациянын үстүнөн коомдук көзөмөл орнотуу процесси башталганын АКШнын өкмөтү колдой турганы, бул процесс Кыргызстандын элине объективдүү жана бурмаланбаган маалымат алууга өбөлгө түзөрү белгиленет. (КС)

XS
SM
MD
LG