Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Иракта 7-марттагы шайлоонун жыйынтыктарын кайра саноо башталды


Шайлоо комиссиясы Багдаттагы 2,5 млн.бюллетенди кайра санап чыгат. Добуштарды кайра санаш керек деген демилгени өлкөнүн премьер-министри Нури Ал Малики көтөрүп чыккан. Анткени шайлоодо анын блогу мурдагы өкмөт-башчы Аяд Аллавинин коалициясына утулуп калган эле. Ирактагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча бул эки топтун бири да өкмөттү өз алдынча кураш үчүн парламенттен жетиштүү добуш ала алышкан эмес. Шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, добуштарды кайра санап чыгуунун өзү 2-3 аптаны талап кылат.

XS
SM
MD
LG