Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мурунку төрагасы, азыр АКШда жашап жаткан Бакыт Бешимов убактылуу өкмөттүн Кошмо Штаттарындагы элчиси болуудан баш тартты. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” тастыктады. Б. Бешимовдун мындай кадамын патриоттуулукка жатпайт деп мүнөздөдү. СДП фракциясынын мурунку төрагасы “Фергана.Ру” маалымат агенттигине элчилик кызматтан баш тарткан себебин билдирип жатып убактылуу өкмөттүн Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болгон АКШда өз элчисин тааныштыруу жол-жоболоруна салкын мамиле жасады деп айтты. Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Замира Сыдыкова 12-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган. (EBM)