Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Бүгүн Конституциялык кеңешме алгачкы жыйынга чогулат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт кабарлады. Убактылуу өкмөт 75 кишиден турган Конституциялык кеңешменин курамын бекитип башчылыгына Өмүрбек Текебаевди дайындаган. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Ө. Текебаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоору 26-апрелде коомчулуктун талкуусуна койулду. Долбоор боюнча сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан соң жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен кайрадан иштеп чыгып, 19-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыялайт. Кыргызстанда азыр Баш мыйзамдын дагы башка альтернативдүү варианттары да сунушталышы керектиги айтылып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG