Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Нью-Йоркто жардыруу аракетине четтен катышкандар болушу мүмкүн


Муну жокко чыгарышпай тургандыгын америкалык расмий өкүлдөр билдиришүүдө. Маалымат агенттиктеринин укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме жасап кабарлашканына караганда, тергөөчүлөр азыр теги пакистандык адамды издеп жатат. Анын өткөн ишемби күнү Нью-Йорктун борбордук аянтында жарылбай калган автоунаага тиешеси бар. Кабарларга караганда, ал АКШга жакында эле Пакистандан кайтып келген. Интернетте коюлган видеотасмада Нью-Йоркто жардыруу жасоо аракети үчүн пакистандык талибдер жоопкер болгон эле. Бирок шаар бийликтеринин айтымында, аларда азырынча муну ырастагыдай эч далил жок. Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббс кечээ ишемби күнкү окуяны террор аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG