Өлкөнүн коргоо министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, учурда Кошмо Штаттарында баарын: колдонууда жана кампада тургандарын кошкондо 5113 өзөктүк дүрмөт бар. Бул Кансыз согуш доору өкүм сүргөн 1967-жылдагыдан 84%, ал Берлин дубалы кулаган 1989-жылдагыдан 75%га аздык кылат. Маселен 1967 –жылы АКШнын колунда 31225 өзөктүк дүрмөт болгон. Жарыя Нью-Йоркто, Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча Улуттар уюмунда өтүп жаткан конференция учурунда жасалды. Өзөктүк дүрмөттөрдүн саны буга чейин АКШда өтө жашыруун сыр катары эсептелүүчү. Мамлекеттик катчы Хиллар Клинтондын айтымында, өзөктүк программа боюнча мүмкүн болушунча транспаренттүүлүктү көргөзүү АКШнын улуттук кызыкчылыгы:
-Бүгүнтөн тартып Кошмо Штаттар кампасындагы өзөктүк куралынын жана 1991-жылдан бери демонтаждалган куралдын санын жарыялайт. Кошмо Штаттар куралсыздануу багытында өз ишин аткарарынан күмөн санагандар үчүн бул - биздин отчетубуз. Бул биздин милдеттемебиз жана ал так, жаңылыш эмес белги берүүдө.
АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле өз сөзүндө Иранды уран байытуу менен Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин эрежелерин “бузуп жатканы” үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту ага каршы жаңы санкция киргизүүгө чакырды.
Жыйында Иран президенти Махмуд Ахмадинежад сөз сүйлөп, Тегеран өзөктүк курал жасап жатканы жөннүндөгү ырастоолордун “бир дагы далили” жок экендигин белгиледи. Өзөктүк куралды жээриген Ахмадинежад АКШ администрациясын куралдын бул түрүн колдонууну жокко чыгарбагандыгы үчүн сындады.