Учурда Кыргыз темир жол ишканасынын түштүк аймагы боюнча башкармалыктын Жалал-Абад бекетинин 500гө чукул жумушчулары аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Бактыяр Юнусовду кайрадан кызматына дайындоону талап кылышууда. 27-апрелде Кыргыз темир жол мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Алмазбек Ногойбаев Жалал-Абад бекетинин жетекчиси Бактыяр Юнусовду кызматынан алып, анын ордуна Абдуллажан Шайиевди дайындаган. Жумушчулар талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз иш таштоого барарын айтышууда. Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов нааразылык акциясына чыккандар менен жолугушарын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов маалымдады. (AJ)