Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Нью-Йоркто жардыруу аракетине байланыштуу АКШ жараны камакка алынды


Өлкөнүн Башкы прокурору Эрик Холдердин билдиргенине караганда, камалган адамдын ысымы Файсал Шахзад. Ал качуу үчүн Нью –Йорктун аэропортунан Дубайга учуучу учакка түшүүгө аракеттенип жаткан кезинде камакка алынган. АКШ Башкы прокурорунун айтымында, учурда тергөө иштери уланууда, бирок ишке ашпай калган террордук актынын “артында турган максат - америкалыктарды өлтүрүү болгондугу анык”.

Башкы прокурордун билдирүүсү алдында америкалык маалымат каражаттарынын кабарларында камалган адам АКШнын теги боюнча пакистан жараны экендиги, ишемби күнү Нью-Йорктун борбордук аянтында жарылбай калганы автоунааны жакында эле сатып алганы, ошондой эле жакында Пакистандан кайтып келгени айтылып жаткан. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, ал Коннектикут штатынын жашоочусу. Бул камоо тууралуу америкалык расмий өкүлдөр Нью-Йорктогу жардыруу аракетине чет өлкөдөн аралашкандар болушу мүмкүн экендиги жөнүндө айткандан кийин маалымдалып жатат. Бирок расмий өкүлдөр азырынча белгилүү террордук топтордун бирин да шектүү катары атай элек. Дүрмөттөлгөн автоунаа Нью-Йорктун борбордук Таймс-сквер аянтынан ишемби күнү кечинде табылып, зыянсыздандырылган. Полицияга шектүү машинадан түтүн чыгып жатканын көргөн адамдар кабарлаган.

XS
SM
MD
LG