Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

“Акыйкат үчүн” кыймылы партия болуп түзүлөт


Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жаштардын демилгеси менен түзүлүүчү “Акыйкат үчүн” партиясынын уставы учурда иштелип жатат. Партиянын уюштуруу жана башка маселелери 18-майда өткөрүлүүчү курултайда такталат.
2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда оппозициялык күчтөр жана бейөкмөт уюмдар “Акыйкат үчүн” кыймылына биригишкен. Өткөн жылы кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов камакка алынганда кыймылдын иши токтоп калган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG