Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Өзгөндүктөр Убактылуу өкмөттүн кадр саясатына нааразы болушууда


Бул тууралуу Өзгөн районундагы Убактылуу өкмөттү колдоо боюнча Элдик координациялык кеңештин төрагасы Жаныбек Бойпоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Өзгөндө эч кандай жаңы бийлик жок. Райондун акими, аппарат башчысы жана райпрокурор жаңы дайындалганы менен Курманбек Бакиевдин камчысын чаап жүргөн, мурдагы бийликтеги чиновниктер дагы эле кызмат ордуларында отурушат.

“Экс-президент К.Бакиевди колдоп баракча тараткандарга жергиликтүү бийлик эч кандай чара көрбөгөнүнө, мамлекеттик жергиликтүү орган катарында майрамдык иш чараларды өткөрүшпөгөнүнө карапайым эл нааразы болууда”,-деди Ж.Бойпоев.

Ал ошондой эле экс-депутат Улугбек Ормонов баш болгон мурдагы чиновниктер Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кызыл кырман айылынын жанында кечээ Көк-бөрү уюштуруп, ага 500гө чукул улакчылар катышып, бүгүн жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырганын, 1-2-майда спорттук оюндарды уюштуруп байге таратышканын белгиледи.

“Аларга Өзгөн районунун акиминин орун басарлары Аттокур Тажибаев, Матлюба Шарипова, райкеңештин төрагасы Бердикул Миңсултанов уруксаат берип, өздөрү мурдагы чиновниктер өткөргөн иш-чараларга катышууда. Мынча каражатты У.Ормоновдор кайдан тапкан деген суроо туулат?” дейт Ж.Бойпоев.

Өзгөн район жетекчилери жана экс-депутат Улугбек Ормонов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG