Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

АКШ баш прокурору: Шахзаддын максаты америкалыктарды өлтүрүү болгону анык


Нью-Йорктун “Times” аянтында автомобилде бомба жардыруу аракетине байланыштуу Пакистанда туулган америкалык камакка алынды. АКШ баш прокурору Эрик Холдердин сөзүнчө, Файсал Шахзад Нью-Йорктон Дубайга учканы жатканда кармалган жана анын “террорчулук аракети” тергелүүдө:

- Бул иш тергелүүдө жана пайдалуу чалгындоо маалыматтарын чогултуунун аракетин кылуудабыз. Тергөө бир нече багытта жүрүүдө. Бир нерсе анык: бул террордук аракеттин максаты - америкалыктарды өлтүрүү болгон.

АКШнын Федералдык чалгындоо бюросунун (FBI) маалымдашынча, Шахзад 1-майда "Times” аянтына бомба жүктөлгөн машинени айдап барды деген шектенүү менен кармалган.

Шахзадка ырасмий айыптоо бүгүн Манхэттендин федералдык сотунда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG