Америка Кошмо Штаттары Пакистанга өткөн жылы талиптерге каршы өткөргөн операциянын чыгымдарын жабуусу үчүн 656 миллион доллар берди. АКШ элчилигинин өкүлү Ричард Снелсирдин сөзүнчө, акыркы 188 миллион доллар өткөн жумада, калган 468 миллион доллар ушу дүйшөмбүдө жөнөтүлгөн.
Ооганстандагы кырдаалды стабилдештирүүдөгү жана “ал-Каидага” каршы согуштагы АКШга союздаш болгон Пакистан талиптерге каршы согушта чоң чыгым тартууда.