Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Италияда паранжачан мусулман аялга 500 евро айып салынды


Италиянын полициясы паранжачан аялга 500 евро (660 АКШ доллары) айып пул салды. 26 жаштагы тунисиялык аял күйөөсү менен бирге Италиянын түндүк батышындагы Новара шаарында көчөдө баратканда полициячы эркек токтотуп, паранжа астындагы аялдын жүзүн көрсөтүүнү талап кылган. Бирок аялдын күйөөсү полиция кызматкерине жарынын бетин көрсөттүрбөй койгон. Бул, маалыматка караганда, паранжачан жүргөн мусулман аялдын Италияда биринчи жолу айып төлөөсү.

Италиянын мыйзамдары паранжачан жүрүүгө тыйуу салбайт. Бирок Италияда 1975-жылдан бери коомдук жайларда мотоциклисттердин да бетти жапкан тулгачан (каска) жүрүүсүнө уруксат жок.

Новара шаарында болгон бүгүнкү окуя Европада аялдардын коомдук жайларда паранжачан жүрүүсүнө тыйуу салуу маселеси талкууланып жаткан кезде болду.

Өткөн аптада Бельгияда паранжага тыйуу салынган. Эми Франция өкмөтүнүн демилгеси менен парламент берегидей мыйзамды колго салганы жатат.

XS
SM
MD
LG