Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Эл аралык медиа уюмдар Убактылуу өкмөттү ЖМКларга шарт түзүүгө чакырды


Кыргыз Республикасында күчтүү жана жигердүү иш алып баруучу Жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, сөз эркиндиги, демократия жана адам укуктарын коргоо майданында иш алып барган жыйырмадан ашуун эл аралык уюмдар билдирүү таратты. Анда Кыргызстанда күчтүү жана жигердүү иш алып баруучу ЖМКлардын пайда болушуна жакшы шарт түзүлгөндүгүн, бирок аны менен катар журналисттердин жана медиа уюмдардын учурдагы абалында кооптонууну жараткан көптөгөн белгисиздик бар экенин белгилешкен.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы үч жыл аралыгында ЖМКлардын абалы начарлаганы, цензура күч алганы, айрым веб-сайттарга тоскоолдук болуп, редакцияларды басып алууларга орун берилип, коркутуп-үркүтүү жолу менен айрым журналисттерге кылмыш иштери козголгону, үч журналист өлтүрүлгөндүгү айтылат.

Эл аралык медиа уюмдар Убактылуу өкмөткө Бардык журналисттердин жана медиа уюмдардын көз карандысыздыгын, эркиндигин жана коопсузудугун камсыз кылууну, буга чейинки өлтүрүлгөн журналисттердин иши боюнча калыс, адилеттүү тергөө жүргүзүүнү жана 2010 жылдын 10 октябрына белгиленген президенттик шайлоонун калыс жана эркин өтүшүнө, ЖМКлардын көз карандысыздыкта жана эркиндикте иш алып баруулары маанилүү экенин таануу жана алардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүп берүү сыяктуу маселелерди сунуштаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG