Бөлүмдүн максаты кыргыз элинин каада-салт, үрп адаттарын сактап, эл-жерине жана мекенине кызмат кылган аракетчил жаштарды тарбиялап чыгаруу.
Беш жылдык билим берүүнүн натыйжасында студенттер жогорку билимдүү деген дипломго ээ болуп чыгышат. Башка университеттерде окутулган мамлекеттик стандарттагы гуманитардык сабактар жана табият таануу сабактары менен бирге кесиптик сабактар да окутулат. Дин ишеним адабияты сабагында Куран же башка ыйык китептердеги тексттер пайгамбарлардын асыл сөздөрү, акыл-насааттары өтүлөт. Диндер тарыхы, диндер арасында диалог, дин философиясы, дин укугу жана ушул сыяктуу сабактар, буга кошумча орус, англис жана араб, түрк тилдери окутулат.
Тил окутуу сыяктуу эле информатика сабагына да чоң маани берилүүдө. Студенттер кыргыз орто мектептеринде «адеп» сабагына мугалим боло алат жана муфтияттын карамагында казылык, медреселерде мугалимдик, жогорку бийлик бутактарында, коопсуздук кызматында, коомдук уюмдарда серепчи, кеңешчи, эркин котормочу жана диний кызматтарды аткара алышат.
Бул тууралуу И. Арабаев атындагы КМУнун басма сөз катчысы Азима Акунова “Азаттыкка” билдирди. (AJ)