Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

АКШда суу ташкында 29 киши набыт болду


АКШнын түндүк батышындагы Теннесси, Миссисипи жана Кентуки штаттарында өткөн аптада болгон суу ташкында жана жамгыр аралаш бороондо кеминде 29 адам набыт болгону маалымдалды. Куткаруучулардын билдиришинче, Кумберленд дарыясында кирген суудан жана бороондо Теннеси штаты боюнча 19 адам, анын ичинде штаттын байтакты Нэшвиллде 10 киши каза тапкан.

Куткаруучулар өлүм-житим мындан да көп болушу ыктымал деп чочушууда. Нэшвилддин эски тарыхый бөлүгү суу астында калган. Табигый алааматтын зыяны 10 миллиондогон долларга жетет деп боолгонууда.

XS
SM
MD
LG