Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Беларус президенти Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербейт


Бул тууралуу Александр Лукашенконун өзү билдирди. Ал кечээ Рейтердин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Бакиевди экстрадициялоо боюнча өтүнүч Кыргызстандын убактылуу өкмөтү үчүн “эч нерсе чыкпай турган жана кемсинген” кадам болот. Александр Лукашенко кошумчалагандай, Бакиев “Беларус мамлекетинин жана президентинин коргоосу астында турат”. Кечээ убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева бийликтен кулатылган Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачкан декретке кол койгон эле. Ага ылайык, кол тийбестик укугунан ажыратылган Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча чара көрүү Башкы прокуратурга тапшырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG