Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Конституциялык кеңешме топ-топторго бөлүнүп иштейт


4-апрелде конституциялык кеңешме алгачкы жыйынга чогулуп, мындан ары үч топко бөлүнүп иштей турганы жарыяланды. Ага ылайык, биринчи топ сот системасы, экинчиси бийлик бөлүштүрүүнү, үчүнчү топ адам укуктары боюнча иш алып барат. Конституциялык кеңешме Баш мыйзам тууралуу чогулган сунуштарды 6-апрелдеги кеңейтилген жыйында карайт. Аталган кеңешменин мүчөсү Эркин Алымбеков кеңешменин мүчөлөрү дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди. Мүчө болууну каалаган коомдук, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин убактылуу өкмөткө сунушташы керек. Азыр Конституциялык кеңешме 75 кишиден турат. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору 26-апрелде коомчулуктун талкуусуна коюлган. (EBM)

XS
SM
MD
LG