Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:21

Иран санкцияларга каршы турат


Өлкө президенти Махмуд Ахмадинежаддын билдиргенине караганда, Иран “санкцияларга кубанбайт, бирок андан коркпойт”. Ал Нью-Йорктогу басма сөз жыйыны учурунда белгилегендей, Иран БУУнун санцияларына жана өзөктүк программасынан улам АКШ менен анын өнөктөштөрү көргөзүп жаткан кысымга каршы тура алат. Махмуд Ахмадинежад ага катар санкциялардын жаңы айлампасынын кабыл алынышы АКШ менен Ирандын алакасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө жолто кыларын эскертти. Өлкөсү Түндүк Кореядан айрымаланып, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыкпай турганын кошумчалады. Иран президенти Нью-Йоркко бул ирээт өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча өтүп жаткан конференцияга катышуу үчүн келген.

XS
SM
MD
LG