Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Грекияда бүткүл өлкө боюнча иш таштоо өтүп жатат


Андан улам Грекияга кирүүчү жана андан чыгуучу авиакаттамдар токтоп, мамлекеттик мекемелер жабылды. Мамлекеттик жана жеке сектордогу кызматчы, жумушчулардын биргелешкен иш таштоосу өкмөт өлкөнү банкроттуктан сактоо үчүн чыгымдарды кескин түрдө кыскартып жаткандыгына байланыштуу өтүүдө. Ал чаралардын алкагында айлык акылар менен пенсиялар тоңдурулуп, тескерисинче салыктардын өлчөмү көбөйтүлөт. Кечээ Афинада демонстранттар полиция менен кагылышып, коомдук сектордун 48 сааттык иш таштоо баштаган өкүлдөрү Афинадагы байыркы тарыхыйэстелик – Акрополистин аймагына чейин кирип барышты. Грек өкмөтү чыгымды үнөмдөө чараларын көрүүгө Эл аралык валюта кору менен евроаймакка кирген өлкөлөрдүн талабынан улам барууда. Алар Грекияны карыздын сазынан чыгаруу үчүн үч жыл ичинде 110 миллиард евро насыя берүүгө макул болушкан.

XS
SM
MD
LG