Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Кара-Жыгач жаңы конушунда жер басып алуучулар таркатылат

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда Кара-Жыгач жаңы конушуна жакын жерде мыйзамсыз жер басып алган 200гө чукул адам бүгүн-эртең таркатылып, уюштуруучуларына административдик жаза колдонулуп, айрымдарына кылмыш иши козголушу мүмкүн. Учурда Маевка айылынын тургундарынын менчик жерлери жер басып алуучулардан бошотулуп, жазгы айдап-себүү иштери жүргүзүлүүдө. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жер басып алуучуларга мыйзамдын чегинде катуу жаза көрүлөрүн эскертти. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG