Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Бакиевдердин Ысык-Көлдөгү байлыгы канча?


К.Бакиевдин жакындарынын Ысык-Көл жээгинен алган мүлктөрү атайын иликтөөгө алынууда. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев Бакиевдер өз учурунда көл жээгинен көптөгөн эс алуу жайларын арзан жана мыйзамсыз менчиктештирип алышканын "Азаттыкка" билдирди.

Азаттык: Байтемир мырза, Ысык-Көлгө келген максатыңыз?

Б. Ибраев:
Биринчиден А.Акаевден К.Бакиевге өткөн эс алуу жайларын 7-апрелдеги талап- тоноодон сактап калган көлдүктөргө ыраазылык айткым келет. Атайын үч тергөө тобу К.Бакиев жана анын жакындары мыйзамсыз ээлеп алган эс алуу жайлары менен жерлерди иликтөөгө киришти.

Азаттык: «Аврора плюс», «Витьяз» деген эс алуу жайларөө арзан баада менчиктештирилип кетиптир.

Б Ибраев: Азыр толук териштирип бүтө элекпиз, бирок мисалы «Витьязга» алты гектар жер тиешелүү болсо, алар 10 гектар жерди кошо алып, курулушка уруксаты жок эле көл жээгине каалагандай коттеждерди салдырган экен.

Азаттык: «Каприз» эс алуу борбору Максим Бакиевге тиешелүү деп атышат.

Б Ибраев: Каприз Валиев деген бирөөгө катталыптыр, ал ким, каяктын жараны, аны тактагыча 15 күн өтүп кетип атат.

Азаттык: Ошентип тактагыча эле көптөрү качып кетти деп эл азыркы бийликти күнөөлөп атат.

Б. Ибраев: Ушундай белгисиз адамды тез арада кармап алуу үчүн атайын тизмесин түздүк. Азыр алардын саны 100 гө жетти. Алардын баары подставной адамдар. Алар ушундай жалган жолду тандап, тергөөнү чаташтыралы деп, атайын башка фамилияларды киргизиптир. Бул тизмени биз Чек ара, Бажы, Коопсуздук кызматтарына, бердик. Буюрса, эми андайлар алыс кете албайт.

Азаттык: Мисалы Бакиевдерден эс алуу үйлөрүн сатып алган ишкерлер бар да, ошол ишкерлер эми Бакиевдин артынан менчигинен кур калабы?

Б. Ибраев: Алар тергөө ишине катышып, качпай, кайсы жол менен качан сатып алганын ачык айтып берсе, эч качан албайбыз. Болбосо, качып келбей жүрө беришет. Анда алардын менчиги каралбай калган ээси жок обьект болот да, мамлекетке кайтарылып кетиши мүмкүн.Ошондуктан андайларды бирге кызматташууга чакырат элем.

Азаттык: Тергөө иши канчага созулат?

Б. Ибраев: Мыйзам боюнча мындай иш эки айга созулат. Жетишпесе дагы алты ай, бир жылга чейин узартылат. Бирок биз жакынкы арылыкта эле бул ишти сотко ашырабыз деген максат менен иштеп атабыз. Ошондон кийин гана мыйзамсыз алынган мүлктөр кайра мамлекетке кайтарылат.

XS
SM
MD
LG