Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Курманакун Матенов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын чек ара кызматынын жетекчиси ушул тапта казак өкмөтү өткөрүп жаткан жыйынга катышып, анда кыргыз-казак чек арасына байланыштуу маселени карашат.
Ал ошондой эле казак өкмөтү кыргыз-казак чек арасын ачуу маселесин оң жагына чечет деген ишенимде экенин белгиледи.
Буга чейин Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева телефон аркылуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасын ачуу маселесин талкуулаганын, бүгүн чек ара ачылып калышы мүмкүндүгүн айткан. (AJ)