АКШ жана Пакистан бийликтери Нью-Йорктогу бомба жардыруу аракетине байланыштуу кармалган Файзал Шахзаддын ишин иликтеп жатышат. Пакистанда туулган АКШ жараны Шахзад терроризм үчүн айыпталууда. АКШ прокуратурасы билдиргенине караганда, 30 жаштагы Шахзад жакында Пакистандын Ооганстан менен чектеш Вазиристан аймагында бомба жасоо боюнча машыгуудан өткөн. Тергөөчүлөр анын Талибан жана Ал-Кайида согушкерлери менен байланышы болушу мүмкүн дешүүдө. Анын аралыгында, Пакистанда ушул эле иш боюнча шектүү бир нече адам кармалганы кабарланды. Ишембинин кечинде Нью-Йорктун борбордук парктарынын биринде жардыргыч зат менен толтурулган машина табылып, ал өз убагында зыянсыздандырылган.