Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Ирактагы шийилер коалиция түзмөй болушту


Иракта шийилердин ири 2 коалициясы парламентте бириккен блок түзүү жөнүндө макулдашышты. Премьер-министр Нури ал-Малики жетектеген “Мыйзамдуулук мамлекети” деген коалиция менен “Ирактын Улуттук альянсы” деген консервативдүү топко парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн 2 гана добуш жетпей калды. Шийилерде өкмөт куруу үчүн жакшы шарт пайда болгону менен, өкмөт башчынын кызматы талашка түшүшү ыктымал. Малики өз ордун сактап калууну көздөйт, бирок антиамерикалык туруму менен белгилүү динаятчы Муктада ал-Садр ага каршы. 7-март күнкү шайлоонун расмий жыйынтыктары азырынча чыга элек. Алдын ала санактарга ылайык, Малики 2-орунду, Садр 3-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG