Грекиянын борбору Афинада тополоң маалында банк өрттөлүп, кабарларга караганда 3 киши набыт болду. Тополоң миңдеген киши антиөкмөттүк демонстрацияга чыкканда тутанган. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн дүңгүрөтмө граната ыргытып, жаш агызуучу газ колдонду. Нааразылык акциясы жана жалпы улуттук иш таштоо өкмөттүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу планына каршылык билдирүү иретинде уюштурулган. Расмий Афина сырттан жардам алуу үчүн салыктарды көбөйтүү, пенсия көлөмүн азайтуу өңдүү чукул чара көргөнү жатат. Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта кору Грекияны банкроттуктан сактап калуу үчүн 110 миллиард евро бөлүү чечимин кабыл алышкан.