Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Назарбаевге "Улут көсөмү" наамын ыйгаруу сунуш кылынды


Казак депутаттарынын тобу президент Нурсултан Назарбаевге «Улут көсөмү» деген наам ыйгарып, андай статусун Конституция аркылуу бекитүү демилгесин көтөрүштү. Бийликтеги «Нур Отан» партиясынын мүчөлөрү Розакул Халмурадов, Амзебек Жолшибеков жана Светлана Ферхо ошондой эле Назарбаев президенттик ыйгарымдарын аткарып жаткан кезинде жасаган иштери үчүн сот жообуна тартыла албайт деген жобону киргизүүнү сунуш кылышты.

Жолшибековдун ырастоосунда, кол тийбестикти мамлекет башчынын мүлкүнө жана аны менен чогуу жашаган жакындарына кеңейтүү зарыл. Назарбаев 2000-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, ансыз да алгачкы президент катары иммунитетке ээ. Жолшибеков мыйзам эскиргенин айтып, ал өлкөнүн азыркы өнүгүү деңгээлине дал келбейт деди. Казакстан быйыл Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылып келатат.

XS
SM
MD
LG