Ак үй Жо Байдендин бүгүнкүгө белгиленген сөзүн “өтө маанилүү кайрылуу”деп атады. АКШ вице- президентинин Европарламентке кайрылуусу мурдагы президент Рональд Рейгандын сөзүнүн 25 жылдыгына тушташ келүүдө. Рейган 1985 жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аякташынын 40 жылдык мааракесине байланыштуу 1985 жылдын 8-майында сүйлөгөн. Брюсселдеги жарна Мадриддеги бул жолку иш сапары учурунда Байден транс-атлантикалык коопсуздук, АКШ – Евробиримдик кызматташтыгын жакшыртуу, террорчулукка каршы күрөшүү маселелерин да талкуулайт.