Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

ЕККУ Кыргызстандын стабилдүүлүгүн колдоо үчүн план даярдоодо


Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстандын стабилдүүлүгүн колдоо үчүн атайын план даярдап жатат. Бул тууралуу аталган уюмга башчылык кылып жаткан Казакстандын Тышкы иштер министри Канат Саудабаев “РИА Новости” агенттигине берген интервьюсунда билдирген. Ал "Кыргызстанда абал кыйын, Маевкадагы жер талаштан чыккан жаңжалдан улам улуттар аралык чатактын чыгып кетүү коркунучу бар", - деп белгилеген. Кыргызстанда 27-июнда жалпы элдик референдум, 10-октябрда парламенттик, ошол эле күнү президенттик шайлоо өтүшү мүмкүндүгүн айткан К.Саудабаев, ЕККУ бул компанияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирген.

7-апрелдеги кандуу окуядан соң түзүлгөн Убактылуу өкмөт өлкөдө абал толугу менен көзөмөлгө алынганын, улуттар аралык чырдын чыгышына мурдагы бийликтер кызыктар экенин айтып келишет.

8-майда Москвада өтчү КМШ өлкөлөрүнүн формалдык эмес саммитинде каралчу маселелердин бири Кыргызстандагы абал болору айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG