Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Британияда бүгүн парламенттик шайлоо өтөт


Өлкөнүн негизги үч ири саясий партиясынын лидерлери кечээ кечинде шайлоочуларга акыркы чакырыктарын жолдошту. Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, оппозициядагы Консервативдик партиянын акыркы 13 жылдан бери бийликте турган Лейбористтик партиядан ажырымы анчалык чоң эмес. Ошол эле учурда үчүнчү саясий күч: либерал –демократтардын бедели өстү. Эгер парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун көпчүлүгүн бир дагы партия ээлей албаса, Британия адаттан тыш кырдаалга кабылат. Башкача айтканда, парламентке кирген партиялардын бири да өз алдынча өкмөт түзө албайт. Жогорудагыдай шартта коалициялык өкмөт куруу Европанын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн нормалдуу көрүнүш, бирок Британияда мындай кырдаал 1974 –жылдан бери орун ала элек.

XS
SM
MD
LG