Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылат


Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Казак өкмөтү кыргыз-казак чек арасын ачуу чечимин чыгарганын бүгүн маалымат жыйында кабарлады. Т.Сариев эки тарап тең чек аранын жабылышынан жабыркаганын айтып, учурда товарлар, жүктөр өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын ачуу боюнча аракеттер да көрүлүп жатат.

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов 4-майда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасын ачуу маселесин талкуулаганын, 5-майда чек ара ачылып калышы мүмкүндүгүн айткан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG