Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Грек профсоюздары элди кайра демонстрацияга чакырды


Грекиянын профессионалдык союздары элди өкмөттүн анти-кризистик планына каршы жаңы демонстрацияларга чыгууга чакырды.

Грек өкмөтү Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан 110 миллиард долларлык кредит алуу үчүн социалдык чыгымдарды кыскартмак болгон. Ага ылайык, салыктар көбөйтүлүп, пенсия жана эмгек акылар кыскартылууга тийиш.

Өкмөт планын парламент бүгүн колго салат. Финансы министри Георгий Папаконстантиноу добуш берүү алдында карызды алуу “кудуретсиздикке жол бербөөнүн жападан жалгыз айласы” болгонун айтты.

Эң чоң кесиптик союз- АДЕДУнун лидери Иляс Вретакс кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө мындай деди:

-Жумушучулар өздөрүнүн тарыхый укуктарына кол салынууда деп эсептейт. Ошон үчүн биз мындай саясатка каршы күрөшөбүз. Биз нааразылык акциясы маалында ар кандай бузукулукка жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрөбүз. Өкмөттү өз саясатынан баш тарттыруу үчүн биз чогуу күрөшөбүз.

Шаршемби күнү полиция менен демонстранттар ортосундагы кагылышууда үч киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG