Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Р. Отунбаева Москвада Улуу Жеңишке арналган салтанатка катышат


Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева 9-Майда Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган чоң парадга катышуу үчүн Москвага барат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Р.Отунбаева Москвадагы иш сапары учурунда Орусия жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен да жолугуп, Кыргызстандагы соңку окуялар туурасында сүйлөшөт.

Москвадагы майрамдык парадга Кыргызстандан Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери Корчубек Акназаров менен Мстислав Иванов, ошондой эле Улуттук Гвардиянын жетимиштен ашуун аскери катышмакчы.(КЕ)

XS
SM
MD
LG