Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Советтер Союзунун Баатырларына арналган фонд түзүлөт


“СССР Конституциясы” элдик кыймылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Советтер Союзунун Баатырларына арнап фонд түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Чоро Сарыпбеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, баатырларга арналган пантеон жайын куруу Кой-Таш же Чоң-Ташка пландалууда. Фонд буга каражат топтоо үчүн ачылганы жатат. “Пантеонго бардык 12 447 Советтер Союзунун Баатырларынын эстелигин тургузууну пландап жатабыз. Ага жалпысынын 1 млрд. доллар каражат сарпталат”, - дейт Ч.Сарыпбеков. Бул каражат мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн калкынан чогултулмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG