Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Жалал-Aбаддагы коомчулук баш мыйзамды талкуулады


Областтык бийлик менен БУУнун өнүктүрүү программасы уюштурган бүгүнкү талкууга айылдык жана райондук кеңештердин депутаттары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар кол тийбестик укук парламент депутаттарына, президент менен өкмөткө, Жогорку Сотко да берилбесин деген пикирлерин айтышты. Алардын айтымында, ошондой эле Жогорку Кеңешке долбоордо көрсөтүлгөндөй, 105- 120 эмес, 70 депутат шайлоо, Президенттикке 65 жаштан ашпаган акыркы 15 жылда Кыргызстанда жашаган адам талапкер болгону, президенттик мөөнөт 7 жылдан ашпай, парламентке шайлоо партиялык тизме менен кошо бир мандаттуу аймактарда да жүргүзүлгөнү туура чечим болмок. Ал эми айыл өкмөт башчыларын айылдык кеңеш депутаттары шайласын деген сунуштарын киргизишти. (YA)

XS
SM
MD
LG