Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Инвестициялар жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеп турган баласы Максим Бакиевге карата Интерпол издөө жарыялады. Мындай билдирүүнү Интерпол өзүнүн сайтына жайгаштырган жана бул тууралуу Орусиянын жана башка жергиликтүү маалымат булактар жарыя кылды. Интерполдун сайтында Максим Бакиевдин 1977-жылы туулганы, анын шылуунчулук менен айыпталып жатканы жана кармоого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту санкция бергени жазылып турат.
М.Бакиевден сырткары Интерпол Мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаевге карата издөө салганын жарыя кылган. (КЕ)
Башкы прокуратыранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев Интерполго Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө тобу кайрылгандыгын “Азаттыкка” тыстыктады. Анын айтымында, бул маселе Башкы прокуратура менен макулдашылган.
М.Бакиевден сырткары Интерпол Мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаевге карата издөө салганын жарыя кылган. (КЕ)