Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Тбилисиде полиция менен демонстранттар кагылышты


Кагылышуу Грузиянын ички иштер министрлиги алдында полиция күнүнө арнап өткөрүлгөн парад учурунда болду. Анти-өкмөттүк ураандарды чакырган бир нече жүз демонстрант полицияны таш бараңга алганда, аларды полиция желим таяктар менен уруп таркатты.

Оппозиция лидери, мурдакы премьер-министр Зураб Ногаидели Ройтерс агенттигине демонстранттардын талабын мындай түшүндүрдү:

-Биз адамдарды мыйзамсыз камакка алууга жана абакка салууга каршы күрөшүү үчүн чогулганбыз. Акыркы саясый туткун эркиндикке чыкканча күрөштү токтотпойбуз.

Оппозиция лидерлеринин кабарлашынча, тополоңдо үч киши жараат алган.

Грузияда 30-майда жергиликтүү бийликтерге шайлоо өтөт. Бул 2008-жылкы Россия менен болгон согуштан берки биринчи шайлоо. Согуштан бери президент Михаил Саакашвилинин эл ичиндеги популярдуулугу бир кыйла төмөндөп кеткен. Оппозиция Саакашвилини "урушта жеңилди" деп күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG